Депутат Алтынбек Жунус уулу: Мектептеги акча чогултуу өнөкөтү дагы деле токтобой жатат

Депутат Алтынбек Жунус уулу: Мектептеги акча чогултуу өнөкөтү дагы деле токтобой жатат

Өкмөт мектептерде акча чогултуу өнөкөтү боюнча так позициясын билдириши керек, ансыз бул маселенин чечилиши кыйын. Мындай пикирин бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «ар кандай» маселелер саатында депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.

Өткөн жылда мектептерде ата-энелердин акча чогултуусу коомчулукта бир топ сынга кабылган.

«Өткөн жылдын соңунда Билим берүү министрлиги мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча бир топ алгылыктуу чараларды көрө баштаган болчу. Тилекке каршы, жаңы жылдан тарта ошол жаман өнөкөт кайра башталыптыр. Азыр ата-энелерден кайрылуулар түшүп жатат. Ушу тапта мектептердин жетекчилери окуу жайдын абалы абдан начар деген шылтоо менен, ата-энелерди кыйнап акча чогултуп жатыптыр. Ушинтип арабөк жүрө беребизби?, «- деп кошумчалады депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>