Депутат Асылбаева: Жер участкалары бөлүнүп берилген жерлерге айыл статусу берилиши керек

Депутат Асылбаева: Жер участкалары бөлүнүп берилген жерлерге айыл статусу берилиши керек

Жер участкалары бөлүнүп берилген, үйлөр курулду, инфраструктура түзүлдү, дагы эмне керек? Аларга айыл статусун бериш керек. Мындай пикирин бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер саатында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.

Асылбаева Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагынын маселесин көтөрдү.

«Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагынын тургундары кайрылып жатат, ал жерде жашаган 1300 адамдын каттоосу дагы, жеке иденфикациялык номуру жок экен. Ошондуктан, алар шайлоо команияларында өз добуштарын бере албай, ар кандай социалдык кызматтарды ала албай келет. Жергиликтүү бийлик органдары кайдыгер карагандыктан, алар Өкмөткө кайрылууга аргасыз болушкан, бирок ал ушул кезге чейин чечиле элек.

Жергиликтүү тургундар Өкмөткө Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан Кормовик жана Локомотив дача участкаларына айыл макамын берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жергиликтүү бийлик аларга жер участкаларын бөлүп берген, үйлөр курулду, инфраструктура түзүлдү, дагы эмне керек? Аларга айыл статусун бериш керек! Өкмөт документтерди кайрадан көтөрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн биржаңсыл чечип бериши керек», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>