Депутат Баатырбеков Нарындагы төрөт үйүндөгү абал боюнча маселе көтөрдү

Депутат Баатырбеков Нарындагы төрөт үйүндөгү абал боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ар кандай” маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Алмаз Баатырбеков Нарын облусттук ооруканасындагы маселени көтөрдү.

Депутат Саламаттык сактоо министрлиги Нарындагы төрөт үйүндө бир бөлмөгө 3 төрөт кабыл алуу чечими чыгарганын айтып, санитардык жактан көзөмөлгө алуу керектигин билдирди.

“Бир бөлмөгө 3 төрөт кабыл алууда тазалык сакталбай, адам өмүрүнө зыян алып келүүдө.  Кийинки жылга бюджеттен каражат карап, ал жактагы абалды көзөмөлгө алсак”, — деген сунушун аткаруу бийлигине берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>