Депутат Бакиров: Жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек

Депутат Бакиров: Жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек

Жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды  бир жумуга Памирге жөнөтүш керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламент жыйынында айтып чыкты.

 “Бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды ошол жерге бир жумага  жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатышканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт”, — деген ал.

Депутат Бакиров памирден көчүрүлүп келген үй-бүлөлөргө күрөөсүз насыя берип, мал менен камсыз кылуу жагын караштырышы керек экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декбарь айында Афганистандын Памир аймагында жашаган 10 кыргыз үй-бүлө Алай районунун Сары могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы дагы Памирде жашаган  бир нече кыргыз үй-бүлөсү Нарын облусуна көчүрүлүп келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>