Депутат Икрамов: Ак калпак майрамын бир күн эмес, апталык кылып жарыялоо керек

Депутат Икрамов: Ак калпак майрамын бир күн эмес, апталык кылып жарыялоо керек

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Тазабек Икрамов Ак калпакты бир күнү эле белгилебей, аны Ак калпак аптасы катары жарыялоо сунушун берди.

Эл өкүлү ак калпакты дайыма кийип жүрүү керектигин билдирди.

«Бүгүн – Ак калпак күнү, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм. Биз ата-бабабыздан таберик калган улуттук баалуулугубуз ак калпакты майрам күнү эле эмес, такай кийип жүрүшүбүз керек. Ал үчүн Ак калпакты бир күнү эле белгилебей, аны Ак калпак аптасы катары жарыяласак жакшы болмок. Ак калпак аптасын мыйзамдаштырып, күндү аптага которуп берсек, бара-бара жаштарды ак калпакты такай кийип жүрүүгө көндүрүп алмакпыз. Мына ушул маселени чогуу ойлонуп көрүшүбүз керек», — деп кошумчалады депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>