Депутат Иманалиев: Быйыл тышкы карызды төлөбөй туруу керек

Депутат Иманалиев: Быйыл тышкы карызды төлөбөй туруу керек

Быйыл тышкы карызга деп дайындаган акчаны бербей турушубуз керек. Аны берсек, банкрот абалына кептелебиз. Мындай пикирин бүгүн, 24-марттагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Иманалиев карызды төлөөнү убактылуу узартып туруу багытында Өкмөт тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.

“Анткени вирус менен күрөшүүгө акча кетип жатат, бирок ишканалар токтоп, алардан салык түшпөй калат. Ошол себептүү биз кредиторлорго азыртадан абалыбызды түшүндүрүп, өкмөт сүйлөшүүлөрүн жүргүзө башташы зарыл. Карыз бергендер менен жакшылап сүйлөшсөк, айрымдарын жылдырып, айрымдарынын пайызын азайтсак болот. Атургай таптакыр жоюп салууга дагы мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн акча берген тарапка биз мынча акчаны жарандардын өмүрүн сактоого кетирдик деп түшүндүрүү керек”, — деди депутат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд долларга жакын. Анын 45 пайызы Кытайдан алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>