Депутат Карашев: Президент, Парламент, жергиликтүү кеңештин өз мөөнөтүн толук иштөөсүнө шарт түзөлү

Депутат Карашев: Президент, Парламент, жергиликтүү кеңештин өз мөөнөтүн толук иштөөсүнө шарт түзөлү

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити жана бажыдагы контрабанда маселесин талкулоо сунушун беришти.

Депутат Аалы Карашев Кыргызстандын элин ынтымакка чакыруу керектигин айтты.

«Президентти 6 жылга, парламенттин депутаттарын 5 жылга шайладык. Эми аларга шарт түзүп туруп иштейли», — деди ал.

Депутат Дастан Бекешев президентке эч ким тийишпей  турганын белгилеп өттү.

«Өлкө башчыга импичмент жарыялоо маселеси парламенттин палатасында талкуулабашыбыз керек. Бул юридикалык жактан туура келбейт же төрага Дастан Артисбекович сизге кат түрүндө кайрылуу келип түштү беле? Кечээ, 26-ноябрда эки тармактык комитет бажыдагы контрабанда маселесин талкуулап, өкмөткө каттуу сындар айтылды. Жогорку Кеңеш бажыдагы миллиондор боюнча журналисттик иликтөөнү дагы айтышыбыз керек», — дейт Бекешев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>