Депутат Касымалиева: Орусияда кыргыз паспорттору өзбек жарандарына ачык эле сатылып жатат

Депутат Касымалиева: Орусияда кыргыз паспорттору өзбек жарандарына ачык эле сатылып жатат

Жакында Русияга барып келдим, ал жерде өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканына өзүм күбө болдум. Бул тууралуу  бүгүн Жогорку Кеӊеште “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Аида Касымалиева билдирди.

Депутат Касымалиева Орусияда өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканын сынга алды.

 «Текшерип көрдүк, алар жасалма эмес, эмнегедир көбү Сузак районунан берилген паспорттор болуп чыгууда. Буга бөгөт коюп, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караш керек», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>