Депутат Кодуранова ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Депутат Кодуранова ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова ИИМге сурак берүү үчүн кирип кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

9-октябрда Асель Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары үй камагына алынган. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы кабыл алган.

Сот Асель Кодуранованы өлкөдөн чыкпоого кол койдуруп жана бир катар чектөөлөргө милдеттендирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>