Депутат Маматалиев: Мамлекеттик ипотеканы 4 пайыздан берүүгө өкмөттүн шарттары бар

Депутат Маматалиев: Мамлекеттик ипотеканы 4 пайыздан берүүгө өкмөттүн шарттары бар

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министрликке Эркин  Асрандиевдин талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Марлен Маматалиев Мамлекеттик ипотеканы 4 пайыздан берүүгө өкмөттүн шарттары бар экенин билдирди.

Депутат Асрандиевге кайрылып, Мамлекеттик ипотеканын пайызы боюнча айтты.

“Мамлеттик ипотеканы 4 пайыздан бергенге шарттар бар. Биздин жарандарга алгачкы төлөм деген да бир балээ болуп жатат. Ушуну дагы түшүрүү боюнча механизм иштеп чыксаңыз жакшы болмок. Бул абдан керек болуп жатат”, – деди эл өкүлү.

Мамлекеттик ипотекалык компания өкмөттүн «Арзан турак жай – 2015-2020» программасынын алкагында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ипоткалык компания 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>