Депутат Маматалиев: Жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү керек

Депутат Маматалиев: Жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү керек

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуу болду.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечиси – депутат Марлен Маматалиев.

Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда 27 маанилүү ири жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», — деди ал.

Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү же 18 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 2000 эсептик көрсөткүчтү же 55 миң сомду түзөт.

Баяндамачы мыйзам долбоорунун башкы максаты айып пулдун өлчөмүн көтөрүү менен, кошумча каражат табуу эмес экенин белгиледи.

«Негизги максат жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү аркылуу автожолдордун сапатын сактап калуу болуп саналат. Баардык жүк тартуу жайларында автоматташтырылган таразалар орнотулса, андагы адам катышы кыйла азайып, коррупциялык жосундарга бөгөт коюлат», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалыр 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан болгону 10 млн сом айып пул жыйналган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>