Депутат Мусабекова: Ашкере чыгымга учуратып жаткан тойлорду убактылуу токтотуп туруу керек

Депутат Мусабекова: Ашкере чыгымга учуратып жаткан тойлорду убактылуу токтотуп туруу керек

Мамлекеттик каражатты топуксуз тойлорго жумшабай, аймактардын өнүгүшүнө жумшасак туура дагы, кыйла пайдалуу да болмок. Мындай пикирин бүгүн, 30-январда Жогорку кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

 Депутат ашкере чыгымга учуратып жаткан тойлорду убактылуу токтотуп туруу керектигин белгиледи.

«Мына, акыркы үч жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланып келет. Жолодрубуз жаңырып, заңгыраган мектептер салынып, таза суу киргизилип, элет жергеси аябай өнүгүп кеткен окшойт. Муну Өкмөттүн кайра-кайра ар кандай маарекелерди белгилеп, күркүрөтө той берип жатканан эле байкасак болот.

Ансыз дагы каржалып турган калкыбызды ашкере чыгымга учуратып жаткан ар кандай тойлорду убактылуу токтото туруу тууралуу байма-бай айтылып келет. Өкмөт мындай алгылыктуу демилгени колдомок тургай, өзү ошондой шаан-шөкөттөрдүн башында турганы байкалып турат. Аймактар өнүгүп, элеттиктердин турмушу оңолуп калса, анда алардын өздөрү деле ошол тойлорду өткөрүп бермек», — деп кошумчалады депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>