Депутат Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы барган сайын оорлошуп баратат

Депутат Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы барган сайын оорлошуп баратат

Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы барган сайын оорлошуп баратат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жогорку кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Улукбек Ормонов дарылардын сапатын аныктоочу лаборатория курулушу белгиленген, бирок курулуштан дайын жок экенин айтып, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бул тармак кыйла артта калууда экенин белгиледи.

Депутат Иса Өмүркулов орто жана чакан бизнести өнүктүрүү маселесине токтолду.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын алкагында орто бизнеске шарт түзүлбөсө өлкө экономикасынын өнүгүшү кыйындайт»,- дейт ал.

Белгилей кетсек,  Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү «Ар кыл маселелер» саатында таза суу, ички жолдордун абалы, демаркация иштери жана башка олуттуу көйгөйлөрдү аткаруу бийлигине жолдоду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>