Депутат Ормонов: Уран казууга тыюу салган мыйзам менен иштеп жаткан заводдун ишин токтоткон туура эмес

Депутат Ормонов: Уран казууга тыюу салган мыйзам менен иштеп жаткан заводдун ишин токтоткон туура эмес

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов  уран кенин Кыргызстандын аймагында иштетүү боюнча пикирин билдирди.

«Уранды казууга тыюу салынган мыйзамга бир дагы депутат каршы эмес. Бардыгыбыз колдойбуз. Ысык-Көлдүн аймагында уранды иштетүүгө бары каршы. Кызыл-Омполдо уран казууга каршы элибиз Бишкекке келип митинг кылганда ушул мыйзам иштелип чыкты. Бирок биз казып алууга каршы болгон мыйзам менен учурда иштеп жаткан заводдордун барын жаап жатпайбызбы. 60 жыл иштеп келген завод бүгүн эле зыяндуу болуп калдыбы?», — деди талкууда Ормонов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>