Депутат Рыспаев «Ачык саясат» гезитинен ала турган 300 миң сомду каякка жумшай турганын айтты

Депутат Рыспаев «Ачык саясат» гезитинен ала турган 300 миң сомду каякка жумшай турганын айтты

Жогорку Кеңештин депутат Кожобек Рыспаев «Ачык саясат плюс» гезитинен төлөнө турган 300 миң сом Афган ардагерлерине жана алардын фондуна которуларын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Эл өкүлү аша чаап жазган маалымат каражаттарын тизгиндөө керектигин да белгиледи.

«Мен деги эле массалык маалымат каражаттарынын ишине каршы эмесмин. Бирок аша чаап, одоно жазылган айрым ММКларды көзөмөлгө албаса болбойт деп ойлойм. «Ачык саясат плюс» гезетине сот тарабынан кечээ адилеттүү чечим чыкты деп айта алам. Сот аты аталган гезитке 300 миң сом айып салды. Бул акчаны мен өз чөнтөгүмө кымырып алайын деген ниетим жок. Каражат. Арзыбаган акча болсо да аларды колдоону чечтим», — деп билдирди Рыспаев.

Жогорку сот «Ачык саясат плюс» гезитин депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.

Буга чейин 24-майда Бишкектин Октябрь райондук сотун «Ачык саясат» гезитин Рыспаевге 300 миң сом акча өндүрүү чечимин чыгарган.

Аталган басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>