Депутат Шыкмаматов: Өкмөт башталган курулуш объекттерин бүтмөйүнчө жаңысын баштабагыла

Депутат Шыкмаматов: Өкмөт башталган курулуш объекттерин бүтмөйүнчө жаңысын баштабагыла

Жогорку Кеңеште 1-ноябрда «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргызстандагы капиталдык курулуштардын абалы жана бүтпөгөн курулуштардын көйгөйү тууралуу маселени талкууга алышты.

Жыйын жүрүшүндө фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов азыркы учурда жалпы республика боюнча 403 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатканын айтты.

«Аларды бүткөрүү үчүн 16 млрд сом талап кылынаарын, бирок ар жыл сайын Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине бул сумманын 25%ы гана бөлүнөөрүнө токтолду. Биз силерден болгону бир гана нерсени талап кылабыз, ал – курулушу жүрүп жаткан объектилер бүтмөйүнчө жаӊы курулуш иштерин баштабагыла»,- деди Шыкмаматов.

Аталган агенттиктин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча 403 объектинин 47си 70-99%га, 54 объекти – 41-70%га, 71 объекти – 11-40%га жана 59 объекти – 10%га бүткөрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>