Депутат Төрөбаев: Элдин жашоо турмушун эшек менен баалабаш керек

Депутат Төрөбаев: Элдин жашоо турмушун эшек менен баалабаш керек

Элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керек. Мындай пикирин бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «ар кандай» маселелер саатында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

Эл өкүлү элдин жашоо-шарттын түзүп берүү өкмөттүн милдети экенин айтты.

«Элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керек. Билим менен баалоо зарыл. Өкмөткө айтат элем көз карашты өзгөртүш керек. Келечекте 4-өндүрүштүк революция келе жатат. Жаңы ойлор, жаңы билим келет. 153 кесип жок болот деп айтып жатышат. Билим берүү тармагын терең изилдөө шарт. Билим берүү системин башкача караш керек. Келечекте кайсы кесип керек болот деп аныктоо зарыл», — деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, 14-январда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин тармактык комитет жыйынында айылдарда элдин жашоосу жакшырып, 3-4 жылдан бери жолугушууга эшек эмес, ат минип келгендер жок экенин айткан. Өкмөт өкүлүнүн бул айткан сөзү коомчулукта талкуу жараткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>