Депутат Жанар Акаев жаңы партиянын катарына кошулууну каалагандарды чакырды — видео

Депутат Жанар Акаев жаңы партиянын катарына кошулууну каалагандарды чакырды — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүп жатканын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Акаевдин айтуусунда, жаңы партия Бишкекте кеңсесин ачты.

«Жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Таза, жаңы Кыргызстанды куруу ниети бар жарандарыбыздын баарын бизге кошулууга чакырам», – деди Акаев.

Мындан тышкары эл өкүлү партия жакынкы күндөрү бет ачарын өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, мурдараак партиянын катарында саясат талдоочу Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар экени маалым болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>