Депутат Жапаров: Аткаминерлердин алкымын азайтуу үчүн аларды тыштан келген инвесторлорго жолотпоо керек

Депутат Жапаров: Аткаминерлердин алкымын азайтуу үчүн аларды тыштан келген инвесторлорго жолотпоо керек

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк институтун өнүктүрүү толук мүмкүн. Бул үчүн аткаминерлердин алкымын азайтуу жана аларды тыштан келген инвесторлорго жолотпоо керек. Бул тууралуу тегерек стол жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор келген учурда аткаминерлер ири суммада пара талап кылышат. Мунун кесепетинен улам Кыргызстанда чон долбоорлор ишке ашпай келет.

«Мен экономика министри болуп турган учурда, Түштүк Кореядан жүгөрү өстүрүү боюнча инвесторлор келген. Бирок айыл өкмөттөр жер бөлүп берүүдө 25 жыл алдын-ала пара алууну көздөшкөн. Ошол себептен, Түштүк Кореядан келген инвесторлор кайра кетип калышкан», — деп билдирди депутат.

Ушул себептерге байланыштуу, учурда экономика министрлиги инвесторлорду алып келүүдө, коррупциялык иштер катталбаш үчүн атайын долбоор иштеп жаткандыгын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>