Депутат Жапаров: Кыргызстанда «үй-бүлөлүк декларация» деген түшүнүктү киргизүү керек

Депутат Жапаров: Кыргызстанда «үй-бүлөлүк декларация» деген түшүнүктү киргизүү керек

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Анда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстандын ар бир жараны үй-бүлөлүк декларациясын көрсөтүшү керектигин айтты.

«Эстонияга депутаттар тобу барып келдик. Ал жакта санариптештирүү жолго коюлуптур. Бир аял ал жерден өзүнүн үй-бүлөлүк декларациясын 30 секундда көрсөтүп койду. Ал жакта баары программалаштырылып бүтүптүр.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү алдыңкы орунга коюп жатат. Биз дагы бул иштерди тезинен аткарышыбыз зарыл. Кыргызстанда «үй-бүлөлүк декларация» деген түшүнүктү киргизүү керек. Учурда бул тартипти киргизүүдөн көп саясатчылар коркуп жатат. Анткени алар мүлкүнүн басымдуу бөлүгүн туугандарына каттатып коюшкан», — деди эл өкүлү.

Жапаров салык кызматында ката кетирген адистерди бул кызматка жолотпоо керектигин айтып, протоколдук тапшырма берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>