Депутат Алтынбек Жунус уулу: Жол курууга келген акча сыртка чыгып кетүүдө, атамекендик компанияларды колдоо керек

Депутат Алтынбек Жунус уулу: Жол курууга келген акча сыртка чыгып кетүүдө, атамекендик компанияларды колдоо керек

Бүгүн Жогорку Кеӊеште республикалык бюжеттин аткарылышы жана келерки жылга карата болжолу экинчи окууда талкууланып жатат.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Алтынбек Жунус уулу уулу контрабандага каршы күрөшүү, салык жана бажы жүрүмдөрүн автоматташтыруу жана фискалдаштыруу боюнча чараларды күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, эл өкүлү жол куруучу атамекендик компанияларды колдоо боюнча механизмдерди иштеп чыгууну сунуш кылды. Анын пикиринде: «донор уюмдар жол куруу боюнча насыялык долбоорлорду чет өлкөлүк компанияларга берет, алар болсо долбоорду кайра эле субподрядга кыргыз компанияларына тапшырат».

Премьер-минитр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттын пикирине макул болуп, Өкмөт атамекендик жол куруучуларды колдоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга ниеттенип жатканын маалымдады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>