Депутат Зулпукаров: Жолдордун курулушу убагында бүтпөй жатат

Депутат Зулпукаров: Жолдордун курулушу убагында бүтпөй жатат

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште «ар кандай маселелер саатында депутат Төрөбай Зулпукаров жолдордун курулушу боюнча маселе көтөрдү.

Ал жолдордун курулушу кечеңдеп жатканына токтолду.

«Жолдорду салууга ар кандай насыялар, гранттын каражаттар алынат. Бирок, жол салуу иши өтө солгун. Алсак, Бишкек-Кара-Балта, Маданият-Жалал-Абад, Суусамыр-Талас-Тарас, Ош-Исфана, Кербен-Көк-Талаа жолдорун оңдоого каражаттар алынганы менен азыркыга чейин бүткөрүлө элек.  Бардык жол курулуштарынын бүткөрүлүшү мөөнөтүнөн кечигүүдө. Ошондой эле тендерден утуп курулуш жүргүзүүчү компаниялар ортосунда макулдашылган келишимдердеги каржылык маселелер да иликтөөгө муктаж. Талаштуу жагдайларды чечүүгө мыйзамдык колдоо жагынан көмөктөшүп, көйгөйлөрдү жоюу багытында биргелешип иш алып баралы», – деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>