ЕАЭБ Кыргызстандын унаага болгон бажы алымы боюнча өтүнүчүн колдогон жок

ЕАЭБ Кыргызстандын унаага болгон бажы алымы боюнча өтүнүчүн колдогон жок

Евразиялык экономикалык комиссия кеңешинин (ЕЭК) мүчөлөрү унаага болгон бажы төлөмдөрүн жеңил тарифин узартуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн колдогон жок. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

19-ноябрда Москва шаарында өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынына вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров катышкан.

Буга чеийн Мамлекеттик бажы кызматы  2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдетилген тарифи аяктарын айткан. Башканча айтканда үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардын бажы төлөмү 11 эсе кымбаттайт.

Түшүнүктү кылып айтсак, 2009-жылы чыккан Toyota Camry автоунаасынын бажыдан өткөргөн баасы ушул жылдын 31-декабрына чейин 1250 доллар болсо, 1-январдан тарта 13,6 миң долларга чыкмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>