ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстанга келди.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстанга келди.

Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн аталган уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Кыргызстанга келди. Бул туурлуу Өкмөттөн кабарлашты.

Алар 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышышат.

Биринчилердин болуп Казакстандын жана Беларустун премьер-министрлери Аскар Мамин менен Сергей Румас келди. Андан соң Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди. Алардын баарын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Эртең өтө турган жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башылары  ЕАЭБ кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча 15 маселенин тегерегинде жыйын өткөрүшөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>