ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда айлык акы эң төмөн

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда айлык акы эң төмөн

2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин бардыгында айлык акынын жогорулашы байкалган. Айлыктын көлөмү Казакстанда 15,27 пайызга көтөрүлүп, башка мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү берген. Ал эми Беларусияда– 13,3 пайызга жана Арменияда – 5,8 пайызга көтөрүлгөн. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.

Белгилей кетсек, былтыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөрү ортосунда айлык акынын дифференциясы сакталган. Эң жогору айлык акы (Орусия 722 доллар) менен эң төмөн (Кыргызстан 233 доллар) ортосундагы айырма үч эсе болгон.

ЕАЭБге мүчө кээ бир мамлекеттерде борбор калаадагы айлык акынын өлчөмү жалпы өлкө боюнча айлык акынын деңгээлинен кыйла жогору болгондугу байкалган: Орусияда 92,8 пайыз, Казакстанда – 51,7 пайыз, Беларуста -40,01 пайыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>