Эгемендүүлүктү белгилөөгө Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен 4 млн сом кетти

Эгемендүүлүктү белгилөөгө Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен 4 млн сом кетти

Кыргызстан быйыл 31-августта Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгиледи. Бул майрамды белгилөөгө Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен 4 миллион сомго чейинки чыгым кетти. Бул тууралуу калаа башчы Азиз Суракматов шаар башкармалыктары менен биргеликте өткөн жыйында айтты.

Суракматов майрамдык иш-чарада биргелешип иш алып барган бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 31-августта өлкө аймагы боюнча коомдук тартипти 7 миңден ашык милиция көзөмөлгө алып, тазалык кызматкерлери кезек менен иш алып барышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>