Эгиздер төрөлдү. Бишкекте тез жардам кызматы келиндин төрөттүн үйдөн кабыл алышты

Эгиздер төрөлдү. Бишкекте тез жардам кызматы келиндин төрөттүн үйдөн кабыл алышты

Бишкекте тез жардам кызматы төрөттү үйдөн кабыл алышып, эгиз балдарды төрөттү. Бул тууралуу ыкчам медициналык борборунан маалымдашты.

«Көк-Жар» кичирайонунан таңкы саат 06:20да аялдын толгоосу келгени боюнча билдирүү түшкөнүн ыкчам медициналык борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

«Медицниалык топ бейтаптын төрөтү башталып калганын көрүп, төрөттү үйдөн кабыл алуу чечимине келишкен. Эне жарык дүйнөгө эгиз уулдарды алып келди. Алардын салмагы 2 жана 2,5 кг болуп, абалы канааттандырарлык. Аялдын буга чейин дагы бир уулу бар», — деп жазылат маалыматта.

Учурда эне баланын абалы жакшы. Алар шаардык перинаталдык борборго жаткырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>