“Эйр Манастын” эртеңки каттамдары да токтотулат

“Эйр Манастын” эртеңки каттамдары да токтотулат

“Эйр Манас” авиакомпаниясынын Бишкек-Ош каттамы боюнча 11-октябрга белгиленген  каттамдары да токтотулат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министирлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлик каттамдардын токтотулушун, АКШдагы “Боингдин” заводунан алынып келе турган тетиктердин кечигип жатышы менен байланыштырган.

“Эйр Манас” авиакомпаниясы билетти сатып алган кардарлардын ар бирине каттамдын токтотулгандыгы тууралуу смс-билдирүү жиберген.

Токтотулган каттамдар:

  • Бишкек — Ош, учак саат 07:35те учмак;
  • Ош — Бишкек, учак саат 09:50дө  учмак;
  • Бишкек — Ош, учак саат 12:00дө учмак;
  • Ош — Бишкек, учак саат 13:50дө учмак;
  • Бишкек — Ош, учак саат 16:00дө учмак;
  • Ош — Бишкек, учак саат 18:00дө  учмак;

Белгилей кестек, “Эйр Манас” авиакомпаниясы ушуну менен 3 күн катары менен  аткарыла турган каттамдарын да токтотуп жатат.

Жүргүнчүлөр  баардык суроолор боюнча 0770781391 номери аркылуу  “Эйр Манас” авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө кайрылса болот.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>