Экономика министри: Кыргызстан Кытайдан башка мамлекеттер менен рынок достугун баштайт

Экономика министри: Кыргызстан Кытайдан башка мамлекеттер менен рынок достугун баштайт

Коронавируска байланыштуу Кытай менен чек ара жабылгандыктан Экономика министрлиги импорт алмаштыруу боюнча иш алып барып, жаңы рынокторду издеп жатат. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, жыл башындагы жаңы жыл майрамына байланыштуу жылдын биринчи чейреги экономикалык пландан алганда көрсөткүчтөр төмөн болот.

«Божомолдор боюнча, эгер бул көрүнүш уланса апрель айынан тарта жоготуулар айына 0,2%ды түзүшү мүмкүн. Эгер жалпы тышкы соода жүгүртүү 7 млрд доллар болсо, анын 5 млрд доллары импорт түзөт. Ал импорттун 35%ы Кытайдан келет. Ал сан менен алганда 1,7-1,8 млрд долларды түзөт. Мындай алганда биз Кытайдан ай сайын 140-150 млн долларга (болжол менен 10 млрд сом) импорт жасайбыз. Алардын 5 млрд сомуна келген импорт ички керектөөгө кетсе, 5 млрд сомго келген продукцияга кошумча нарк салыгы салынып экспортко кетет», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда импортту алмаштыруу иштери жасалып жатат. Негизинен импорт – кездеме, синтетикалык кездемелер, фурнитуралар.

«Бүгүнкү күнү башка рынокторду караштырып жатабыз. Альтернативалык рынок катары Индия, Пакистан, Индонезия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, БАЭ рыноктору каралууда», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>