Экономика министри: Кыргызстан жашыл экономикага кошулса, өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым болот

Экономика министри: Кыргызстан жашыл экономикага кошулса, өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым болот

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорун Экономика министри Санжар Муканбетов алып чыкты. Анын айтымында, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашууга кошулуу менен Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошулмакчы. Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун максаттары мамлекет жана жеке секторлордун ортосунда жана өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу аркылуу өткөөл жана өнүккөн экономика бар өлкөлөрдүн экономикалык, экологиялык жана социалдык шарттарын түзүү жана жакшыртуу, ошондой эле экономикалык өсүүнүн жаңы үлгүлөрүн колдоо жана жайылтуу болуп саналат.

Талкууда эл өкүлдөрү аталган Макулдашууга кошулуу менен Кыргызстанда эмне мүмкүнчүлүктөр ачыла тургандыгын, өлкөнүн экологиясын, жашыл экономикасын өнүктүрүүгө кандай шарттар түзүлөөрүн такташты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>