Экотехинспекция: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер эки күн аралыгында табылып калат — видео

Экотехинспекция: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер эки күн аралыгында табылып калат — видео

Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер эки күн аралыгында табылып калат. Бул тууралуу кечээ, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында маалым болду.

Экотехинспекциянын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер боюнча учурда эки чоң комиссия түзүлгөн. Эки күндүн ичинде 26 миллион куб жараксыз жердин катмары тазаланып бүтсө эле табылат. Буга чейин Кумтөр компаниясына коопсуздук боюнча 139 эскертүү берилген.

Эл өкүлдөрү Кумтөр кениндеги бүгүнкү кырдаалга ким жоопкерчиликтүү экенин сурашты.

Экотехинспекция: «Бүгүнкү болуп жаткан кемчиликтерге Кумтөр компаниясы жоопкерчиликтүү. Эми комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында дагы жоопкерчиликтүү тараптар аныкталат».

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>