Экотехинспекциянын 8 кызматкери пара алганы үчүн камалган

Экотехинспекциянын 8 кызматкери пара алганы үчүн камалган

Азыркы учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын 8 кызматкери пара алганы үчүн камалды. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Жапаркуловдун маалыматында азыркы учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында 52 бош кызмат орду бар. Бирок, кызматкелер көп кетип жатканына байланыштуу келерки аптада алардын саны алтымыштан ашышы мүмкүн.

Депутат Алмасбек Акматов акыркы мезгилде Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын көптөгөн кызматкерлери пара менен кармалганын эске салып, мекеме жетекчилиги тарабынан бул багытта кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.

«Ушу тапта 6 кызматкер камакта отурат. Бүгүн Таласта дагы 2 кызматкер кармалды деген маалымат бар. Мунун баары деги качан тыйылат?», — деген собол салды эл өкүлү.

«Туура, биздин мекеме ушундай оор акыбалга кабылып жатат. Мен инспекцияга жаңыдан жетекчи болуп келерим менен эле бардык ишти ушундан баштадым. Кызматкерлерди таза иштеп, мекеменин аброюн көтөрүүгө чакырдым. Азыр алардын эмгек акылары өтө аз, айына 9-12 миң сомдон маяна алышат, ошондон улам болсо керек, кызматтан бошонгондор көп. Кызматкерлердин маянасы көтөрүлсө жакшы болмок», — деди инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов.

Белгилей кетсек, Экологиялык жана техникалык инспекцияда 767 адам иштейт, анын ичинде 639 адам – мамлекеттик кызматкерлер. 2019-жылы инспекция тарабынан 11 миң 305 текшерүү жүргүзүлгөн, ал 2018-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Текшерүү жыйынтыгында 162 млн 277 миң сомго айыппул салынса, анын 157 миң 901 миң сому республикалык бюджетке түшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>