Экотехинспекциянын кызматкерлери 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты — фото

Экотехинспекциянын кызматкерлери 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты — фото

Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын алты кызматкери коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, алар жеке компаниялардан мыйзамсыз акча түшүп турган схеманы түзүшкөн. Тагырагы архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип, бул үчүн акча алып турушкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 6-декабрь күнү Экотехинспекциянын башкармалыктарынын биринин А.Т. аттуу жетекчиси жана Б.Б. аттуу башкы инспектору 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Бул фактылар Жазык кодексиндеги «Коррупция»  жана “Пара алуу» кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда кармлаган 6 шектүү адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>