Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу № 27 түзөтүү абагында жаза өтөйт

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу № 27 түзөтүү абагында жаза өтөйт

Казакстанда аткезчилик үчүн соттолуп Кыргызстанга эстрадицияланган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу жазасын Молдовановкадагы № 27 түзөтүү колониясында өтөйт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда Асылбек уулу учурда № 1 тергөө абагында кармалууда. Кийинки пландык этап менен ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү мекемесине жиберилет.

Белгилей кетсек Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда алып келинген. Жогорку ага карата Казакстанда чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.

24-апрелде Алматанын райондор аралык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле өлкөдөн жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң чыгары тууралуу өкүм чыгарган.

№ 27 түзөтүү колониясында мамлекеттик кызматкерлер жана терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор жаза өтөйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>