Экс-консул Эркин Сопоков кармалды

Экс-консул Эркин Сопоков кармалды

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Сопоков 28-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу суракка чакырылып, андан соң камакка алынган.

Белгилей кестек, Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районундагы мейманкананын алдынан атып кетишкен.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү “Range Rover” үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды. 14-ноябрда экс-консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>