Экс-мэрлердин камак мөөнөтү 2020-жылдын 6-январына чейин узартылды

Экс-мэрлердин камак мөөнөтү 2020-жылдын 6-январына чейин узартылды

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 6-январына чейин узартылды. Бул тууралуу 4-ноябрдагы сот отурумунда белгилүү болду.

Сот жараянында экс-мэрлер көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан. Алар «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп айтышкан. Кийинки сот 6-ноябрда уланат.

Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Кулматовго «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат. 2018-жылы кармалган экс-мэрлердин кылмыш иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында кабыл алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>