Экс-вице-спикердин агасы Өзгөчө кырдаалдар министри болот

Экс-вице-спикердин агасы Өзгөчө кырдаалдар министри болот

Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Давлет Алимбековдун талапкерлиги каралууда. Бул маалыматты Reporter.kg`ге ишенимдүү булактар кабарлашты.

Давлет Алимбеков Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Нурбек Алимбековдун бир тууган агасы. Ал учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын аркалап келет.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалап келген Нурболот Мирзахмедов эки күн мурун кызматынан бошоп, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>