Эксперт: Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат

Эксперт: Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат

Уран сындуу радиоактивдүү заттардын адамдардын ден-соолугуна жана экологияга тийгизе турган кесепети чоң. Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан кутула албай жатып, жаӊы кендерди ачуу андан бетер коркунучтуу. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагында уран, торий казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери айтты.

Демилгечилер – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.

Эксперттердин пикиринде, уран кендеринин утурумдук пайдасына караганда зыяны көп.

«Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат. Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга миллиарддаган сом каражат жумшалат», — дешти.

Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорунда өлкө аймагындагы мурда иштетилген радиоактивдүү заттардын калдыктары сакталган жайларды кайра иштетүүгө жана өлкө аймагынан сырткары жерден ташып келип иштетүүгө тыюу салуу чаралары каралганын айтты. Ошондой эле, Өкмөттүн мыйзам долбоорунан торийди алып салуу сунушу кабыл алынбаганын кошумчалады.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эске салсак, коомчулук арасында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун аймагындагы Кызыл-Омпол жергеснде жайгашкан уран кенин жабуу маселеси кызуу талкууланган. Ага улай, Жогорку Кеӊеш тарабынан өлкө аймагындагы уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>