Эксперттер Twitter социалдык түйүнүнүн кирешеси азайганын айтышты

Эксперттер Twitter социалдык түйүнүнүн кирешеси азайганын айтышты

Twitter 2019-жылдын III кварталында аз киреше тапкандыгы үчүн, биринчи жолу баалуу кагаздарды сатуу менен кирешесин 600 млн долларга толуктоону көздөйт. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.

Twitter алгачкы сатуусун ушул жылдын декабрь айында баштайт. Бул үчүн атайын инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. JP Morgan баштаган инвестициялык банктардын божомолунда, сегиз жылдык  баалуу кагаздардын баштапкы кирешеси 4.5% түзүшү мүмкүн.  

Баалуу кагаздарды сатуу менен Twitter 600 млн доллар киреше табууну көздөйт. Компаниянын кирешеси жылдан жылга 9% өсүп, 824 млн долларды түзгөн. Аналитиктердин айтымында, 2017-жылдан тарта кирешенин өсүшү азайган. 

Twitter берген маалыматка ылайык, түшкөн каражаттар юридикалык жактарга, инвестицияга жана карыздарды жабууга, макулдашууларга жумшалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>