Эл өкүлдөрү коронавирус тууралуу маалымат угуу боюнча Өкмөттү парламентке чакырышты

Эл өкүлдөрү коронавирус тууралуу маалымат угуу боюнча Өкмөттү парламентке чакырышты

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Эмил Токтошев дүйнөнү каптап жаткан коронавирус тууралуу өкмөттүн маалыматын угуу тууралуу сунушун киргизди.

Токтошев Кыргызстанда иштеген 5 миң кытай жараны жаңы жылда өз мекенине кеткенин айтып, учурда анын 1500 миңи кайтып келгенин билдирди.

«Калган кытай жарандары качан келет? Алардын ахыбалы тууралуу чек арада кандай иштер жүрүп жатат? Учурда 100дөн ашык жаран карантинде экени айтылып жатат. Бизде ооруну алдын алуу тууралуу кандай иштерди жасап жатышат? – деген суроолордун негизинде Өкмөттү Жогорку Кеңешке чакыруу сунушун киргизем», — деди эл өкүлү.

Токтошевдин сунушун улай депутат Таабалды Тиллаев учурда кыргыз-кытай чек арасы жабык экенин белгилеп, экономикалык жактан дагы көйгөйлөр болорун айтып, өкмөттү экономикалык суроолорго да даярдана келүүсүн эскертти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>