Эртең Кыргызстандын футболчулары Монголияга каршы ойнойт

Эртең Кыргызстандын футболчулары Монголияга каршы ойнойт

Эртең 15-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы, Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында  Монголия курама командасы менен беттешет.

Оюн Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

10-октябрда Кыргызстандын курамасы Мьянманын футболчуларын 7:0 эсебинде уткан.

Ал эми Тажикстан курамасы менен болгон беттеште «Ак шумкарлар»  1:0 эсбеинде жеңилип калышкан.

2022-жылы өтө турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогу (2023-жылы)  үчүн  өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>