Эртең маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет

Эртең маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет

Кыргызстанда эртең, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, кесиптик майрамга карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Жаңы ысымдар” аталышында гала концерт  өтөт.

Майрамдын алкагында Кыргыз маданиятына жана искусство тармагына зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери “Кызыл килем” аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар  жаңырат.

Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе жаткан жаш сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, жаш кол өнөрчүлөрдүн, жаш акын- жазуучулардын    көргөзмөсү орун алып, жалпы маданият тармагы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, иш чаранын алкагында жаш актер –актрисалардын катышуусу менен театрлаштырылган пролог коюулат.

10:00 – Кызыл килемден өтүү;

10:30 – Жаш кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;

11:00 – Майрамдык салтанат.

Бүгүнкү күндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы  жалпы кызматкерлердин саны 11 508 адамды түзөт. 

 Алар, филармония, цирк, консерватория,  китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары,  кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.

Кыргызстанда 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү катары 1995-жылдан бери белгиленип келет.

Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>