Facebook компаниясына жашыруун маалыматтар чыгып кеткени үчүн ири суммадагы айыппул салынды

Facebook компаниясына жашыруун маалыматтар чыгып кеткени үчүн ири суммадагы айыппул салынды

АКШнын Федералдык соода комиссиясы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкка чыгып кеткендиги үчүн Facebook компаниясына беш миллиард доллар айыппул салды. Бул Кошмо Штаттардын тарыхында технологиялык компанияларга салынган эң ири өлчөмдөгү айыппул болуп эсептелет.

Бийлик менен түзүлгөн келишимдин алкагында «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг колдонуучулардын маалыматтарынын жашыруундуулугу үчүн жеке өзү жоопкерчилик алган.

Бул чатактан кийин «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг АКШ Конгрессинин эки отурумуна катышып, суроолорго жооп берген. Анда компания социалдык түйүн колдонуучуларынын маалыматтарын бекем сактоо боюнча милдеттенмелерди алган. «Cambridge Analytica» компаниясы болсо ишин токтоткон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>