«Фактчек»: Атамбаев менен Хабибулла Абдукадырдын сүрөтү монтаж эмес

«Фактчек»: Атамбаев менен Хабибулла Абдукадырдын сүрөтү монтаж эмес

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева болуп кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен чогуу түшкөн сүрөтү монтаждалган эмес.

Бул тууралуу Factcheck.kg басылмасы жазып чыкты.

Басылма сүрөттүн түп нускасын ар кандай сервистерди колдонуп интернеттен издеп көргөн, тилекке каршы сүрөт интрнеттен табылган эмес.

Андан ары басылма сүрөттүн монтаждалганын анализдеп көргөн, бирок анда дагы  фондор менен түстөрдүн дал келбөө белгилерин таба алышкан эмес.

Тактай кетсек, Factcheck.kg сайты фото, аудио жана видео материалдардын жасалмалуулугун, маалыматтардын чын-төгүнүн изилдеген Кыргызстандагы интернет басылма.

21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Klooптун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>