Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды

Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды

Кечээ, 3-февралда Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу боюнча сот отуруму өттү.

Биринчи Май райондук соту Ниязовдун камактагы мөөнөтүн ушул жылдын 9-апрелине чейин узартты.

Белгилей кетсек, Фарид Ниязовго Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып тагылууда. Кеп бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, кайсыл бир жактар менен сүйлөшүп алып куралдарды тартып алуу, тергөө органдарына карата зомбулук колдонуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу тууралуу болууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>