Феликс Кулов: Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат

Феликс Кулов: Каныбек Осмоналиев  «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынын жетекчилигине маалымдабай туруп, Садыр Жапаровду колдоо митингинин уюштуруучусу болгону үчүн партиядан чыгарылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ар-Намыстын» лидери, мурдагы премьер Феликс Кулов билдиргенин аталган басылма жазып чыкты.

[su_quote]Каныбек Осмоналиев партиялык тартипти бузду. Ал экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо боюнча штабды жетектеп, митингдин уюштуруучуларынын бири болгонун мен ЖМКлардан билдим. Мен ага бул жакшы идея эмес экенин айткам.  Анткени, Жапаров өзү митингге чыкпоону суранбадыбы. Аны бошотуу тууралуу маселе али каралып жаткан болчу. Анын үстүнө камактагы экс-депутат митингдин жүрүшүндө чагымчыл аракеттер орун алып, бул анын бошотулушуна бут тосот деп тынчсызданган. Митингдин уюштуруучулары анын сөздөрүнө кулак төшөш керек эле.[/su_quote]

Феликс Шаршенбаевич камактагы экс-депутаттары митингди Ала-Тоо аянтында өткөрүп дагы бир катачылыкка жол беришкенин кошумчалаган.

[su_quote]Алар Горький сейил багында деле митингди өткөрө алышмак да. Бул элдин чындыгында эле Садыр Жапаровдун ден-соолугу менен абалына кабатыр болуп жатышканынын көрсөткүчү болмок,- деп тактады ал. — Ал эми аянтта чогулган элдин көп учурда башкаруу мүмкүн болбой калат, кечээ дагы бир жолу ушундай окуя болду. Каныбек Осмоналиев партиянын жетекчилигине кайрылса, биз ага митинг өткөрүүгө тыюу деле салмак эмеспиз, бирок, Жапаровдун макулдугу менен деген шарт коймокпуз. Осмоналиев өзү партиядан чыгып кетсе экен. Бирок, өзү кетпесе, партия аны чыгарат. Башка жол жок. Анткени, анын аракеттерин айынан биздин партия митингдин уюштуруучусу атка конду, а чынында андай эмес да.[/su_quote]

Муну менен бирге Кулов митингден кийин Садыр Жапаровдун абалы оорлошот го деген пикирде.

[su_quote]Эгерде, буга чейин бийлик аны бошотуу боюнча ойлонуп жатышкан болсо, эми анте албай калышты, анткени, эл бардык маселени көчөгө чыгып чечсе болот деп ойлоп калат.[/su_quote]

2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети митингдин уюштуруучулары экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы кармалгандыгын билдирген. Алар “бийликти басып алууга аракет кылган” деп шектелип, тергөө абагына киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>