Финпол бирдиктүү эсепке 7 млн сомдон ашык акча которду

Финпол бирдиктүү эсепке 7 млн сомдон ашык акча которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги7 млн 572 миң 41 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан аталган мекеме бирдиктүү депозиттик эсепке 763 млн 324 миң 948сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар экономикалык жана кызматтык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>