Финпол бирдиктүү эсепке дагы миллиондорду которду

Финпол бирдиктүү эсепке дагы миллиондорду которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион 929 миң сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан аталган мекеме бирдиктүү депозиттик эсепке 807 миллион 418 миң сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар экономикалык жана кызматтык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>