Финпол жана салык кызматынын өкүлдөрү кармалды

Финпол жана салык кызматынын өкүлдөрү кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы  (Финпол) менен Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай,  Финполдун аймактык бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Б.У.Р. менен Салык кызматынын А.С.М. аттуу жооптуу кызматкери 20-феварлда кармалган.

Алар 2019-жылдан бери Евразия экономикалык биримдикке  мүчө өлкөлөрдөн Кыргыстанга тоскоолдуксуз товар киргизип турганы үчүн акча алып турушкан деп шектелүүдө.

Бул факты Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>