•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Фоторепортаж — Бишкек шаарындагы ЖККУнун саммити

Кыргызстандын төрагалыгы астында  өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы жыйынтыкталды.

28-ноябрда өткөн жыйынга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучусу Валерий Семериков катышты.

Уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 15 документке кол коюлду.

ЖККУнун Саммитинин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекет башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

ЖККУнун кийинки жыйынына төрагалык кылуу Орусияга өттү.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *